Караколдогу баш аламандыкта жабыркагандардын аты-жөнү такталды

Каракол шаарында 7-октябрь күнү болгон митингдин катышуучуларын таратууда милиция кызматкерлери ыргытылган таштардан улам баш сөөктөн жаракат алышты. КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов маалымат булактарына жабыркагандардын тизмесин берди. Алар:

Камал Каримбердиев, 1982-жылы туулган, Ысык-Көл ОИББинин кызматкери

Абраим Талимов, 1969-жылы туулган, Ысык-Көл ОИББинин кызматкери

Улан Карыгулов, 1990-жылы туулган, Ысык-Көл ОИББинин кызматкери

Канатбек Байгожоев, 1978-жылы туулган, митингдин катышуучусу.

Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышууда.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан