Орусияда өспүрүм ваннада телефон карап жатып ток уруп каза болду

Орусияда ваннадагы сууда телефонун кубаттагычка сайып алып жаткан өспүрүмдү ток уруп каза болду. Бул тууралуу өспүрүмдүн апасы жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы өспүрүм 10-январда каза болгон.

"Телефон кубаттагычта сайылуу бойдон курсагына бир нече секундга гана түшкөн. Балам аны жерге ыргытууга үлгүргөн, бирок кеч болуп калды", - деген өспүрүмдүн апасы.

Өзүнүн кайрылуусунда ал ата-энелерди балдарына ваннада телефонду колдонууга тыюу салууга чакырып, башка адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз окуясын жайылтууну өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан