Каракол шаарында учурда абал туруктуу. Муну бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан 7-октябрда кечинде "баш аламандык уюштурган" деп 9 киши кармалып, экөөсү "массалык баш аламандыкты уюштургандар" деп шектелген Саруу айылынын Улан Чибутов жана Калчаев аттуу жашоочулары. Учурда облустук администрациянын имаратынын алдында эч ким жок.
Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышууда. Башкы прокуратура бул баш аламандык боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.