Караколдогу митингдин 23 катышуучусу учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облустук башкармалыгында камакта. Бул тууралуу 8-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов билдирди. “Учурда кармалгандарга кандай чара көрүлөрү каралып жатат. Кармалгандардын баары жаштар”,- деди ал. Мындан сырткары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 6 кызматкери жаракат алганы белгилүү болду.
Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышууда.