Бүгүн волейбол боюнча өлкө чемпиондугу башталат (тизме)

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогору Лигада баштала турчу өлкө чемпиондугуна жалпы 12 команда ат салышат жана алар эки тайпага бөлүндү. Бүгүн өтө турчу оюндардын тизмеси: 10:00: "Теңир -Тоо - "Токтогул";

11:30: "Энергетик" - "Сары-Өзөн";

13:00: "Кадамжай" - "БАПА Барскоон";

14:30: Мелдештин ачылуу аземи:

15:00: "Шумкар" - "Жалал-Абад";

16:30: "Ош" - "Чаткал";

18:00: "Билим" - "Ала-Бука".

Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
prorab
2021-02-01 09:55:08
Супер твдан түз алып берүү болобу суперчилер, жооп берип койсоңор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан