Орусияда өткөн Алексей Навальныйды колдоо митингинде кармалган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталды

Кечээ, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында өткөн оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингинде кармалган адамдардын саны рекорддук көрсөткүчтү кайталады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясында жалпы 5 миңдей адам кармалган. Москва менен Санкт-Петербург шаарларынан тышкары, кармалгандардын саны боюнча алдыңкы үчтүктүн катарына Красноярск (194 адам), Нижний Новгород (173 адам) жана Тверь (124) шаарлары кирди.

Буга чейин, 23-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционерди колдогон нааразычылык акциялары өткөн. Анда митингчилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышып, бир нече кылмыш иши козголгон. 3 миңден ашуун адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2021-02-01 10:50:00
Долой пупкин, алга Навальный. Жаңы заман жаштар келсин.
-12
Mister-XXX
2021-02-01 16:45:41
nazarnew,Ушу сен Кыргызстанда жашабасан керек.
Бир еврей кыргызчага создорду которуп жазып жатат деп эле ойлой берем.
+1
Gulina90
2021-02-01 16:10:57
Жинди экен булар ушундай президенттин кадырына жетпей
+1
prorab
2021-02-02 08:19:01
Алга Путин, АКШнын күчүктөрүн жогот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан