Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралат

Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн курамын карай турганын депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал азырынча премьер-министрликке ким сунушталып жатканын айткан эмес.

Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан