"Бир жылга өзгөчө кырдаал кирди". Мьянмада аскерлер өлкө бийлигин басып алышты

Мьянма армиясы өкмөт башчы жана президент Вин Мынды камакка алгандан кийин бир жылга өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, алар бийликти басып алууну Мьянма өкмөтүнүн ноябрдагы шайлоодогу бурмалоолор боюнча айыптоолорго жооп бере албагандыгы менен байланыштырышкан.

"Мьянманын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Мин Аунг Хлайн толук бийликке ээ болду. Вице-президент Минт Шве президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалды", - деп айтылат маалымат булактарында.

Мындан сырткары аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Тышкы иштер министри жана президенттин администрациясында иштегендердин дээрлик баары камакка алынган.

Азыркы тапта өлкөдө интернет жана телефон байланышы боюнча көйгөйлөр бар.

"Акыркы бир нече күндүн ичинде өлкөдө саясий кырдаал өтө курч болду. Куралдуу күчтөрдүн таасирдүү өкүлдөрү 2020-жылы ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоону бурмаланган деп эсептешкенинен улам, коомдо аскердик төңкөрүш болуп кетти.

Ушул шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча, Аун Сан Су Чжинин 70 пайыздан ашык шайлоочулардын добушу менен жеңишке жетишти. Мьянма конституциясына ылайык, өлкө парламентинин эки палатасындагы орундардын төрттөн бири куралдуу күчтөрдүн жогорку колбашчысы тарабынан дайындалган армияга таандык.

1962-жылдан бери, бир нече ондогон жылдар бою, өлкөдө башкаруу формасы аскердик диктатура болуп келген. Демократиялык өзгөрүүлөр Мьянмада 2011-жылы башталган.
Аун Сан Су Чи буга чейин өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдүн символу деп эсептелген. Бирок акыркы мезгилде саясатчынын өлкөнү башкаруу стили барган сайын авторитардык мүнөзгө өтүп бараткандыгына байланыштуу, катуу жектеген сынга кабыла баштаган. Аун Сан Су Чжини сындоонун себептеринин бири - анын мусулман азчылыгынын укуктарын бузуу маселесиндеги унчукпастыгы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaysan030
2021-02-01 13:32:58
Бул око Мусулман бир туугандарды аёоосуз кыйнаган.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан