Буга чейин, Мьянмада аскер кызматкерлери өлкө бийлигин басып алып, бир жылга чукул өлкөгө өзгөчө абал жарыялангандыгы маалымдалган. Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул окуялар Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттешине кедергисин тийгизбейби?" деген суроо менен Кыргыз футболдук союзуна (КФС) кайрылды.
"Бул окуяга байланыштуу Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттешин Азия футбол конфедерациясы чечет. Бардык чечимдерди АФК кабыл алат" - деп билдиришти футболдук союздан.
Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма-Кыргыз өлкөсү беттеши 30-мартта Мьянманын Мандалай шаарындагы 30 миң көрүүчү жайгаша турган "Mandalar Thir" стадионунда өтөт.