Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда ага депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттүн курамы кыскарабы деп сурады.
Улукбек Марипов: "Ооба, туура бир топ вице-премьер-министрлер бар, жалпысынан 22 өкмөт мүчөсү бар. Колдоп берсеңер 16 өкмөт мүчөсү кыскарат. Мекемелерде реформалар жүрөт", - деди ал.
Ошону менен катар эле Билим берүү жана илим министри ордунда кала турганын кошумчалады.