Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Саматбек Ибраев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кандай иштерди алып барарын сурады.
Улукбек Марипов: "Мамлекеттик органда 5 жыл иштеп чачымды агартты. Анткени бир топ саясаттар бар. Бир топ каршылыктар болот. Президенттин саясий эрки бар, ошол менен бул ишти алып барабыз. Бул маселени түпкүрүнөн чечиш керек", - дейт ал.