Биз социалдык тармакта

Кайрадан "Караван" соода борборунда иштегендер митингге чыгышты

Бүгүн, 1-февралда өкмөт үйүнүн алдында "Караван" соода борборунун жумушчулары кайрадан митингге чыгышты.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, митингге 120дан ашуун соодагер чыккан.
Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатуучуларга башка жакка көчүрүү боюнча билдирүү жөнөткөн. Ал эми соодагерлер буга каршылыгын билдиришүүдө.
Эске салсак, буга чейин да “Караван” соода борборунун соодагерлери бир нече жолу митингге чыгышкан. Анда алар ижара маселесин чечип берүүнү суранышкан. Митингчилер аталган соода борборунун электрондук сатыкка коюлуусуна каршы экендигин билдирип келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан