Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Депутат Зарылбек Рысалиев Мариповдон "Сиз өзүңүздү күчтүү кадр катары сезесизби?" деп сурады.
Улукбек Марипов: "Мен кандай кадр экенимди сиздер баалайсыздар. Менин ниетим күчтүү", - деди.
Рысалиев: "Сиз баштаганда эле Финансы министрлигинен, президенттик аппараттан, Эсептөө палатасында иштегенсиз. Мындан улам суроо жаралат. Акчага болгон сүйүүңүз кандай?" - деп сурады
Марипов: "Менин акчага сүйүүм жок" деп жооп берди.
Депутат: "Атаңыздын күчүн колдонуп жаткан жоксузбу?" деп сурады.
Марипов: "Мен атам берген тарбия менен сыймыктанам, балдарымды дагы ошентип өстүрсөм деген тилегим бар. Бардык кызматта өзүмдүн принцибим менен иштеп келгем", - деди.
Рысалиев: "Садыр Жапаров башынан кыйынчылык өткөргөн. Сиздин башыңыздан кыйынчылык өтө элек. Дайыма курсагыңыз ток экен. Сиз кандай иштей аласыз. Ачыгын айтсам сизге ичим чыкпай жатат", - дейт.
Марипов: "Мен мактаган кишиден корком, критика айткан адамды жакын адам катары сезем", - деп жооп берди.