Орусиялык мушкердин жеңишинен кийин эмне себептен массалык мушташ уюштурганы белгилүү болду

Польшада өткөн "KSW 58" турнириндеги орусиялык мушкер Шамил Мусаев атаандашы словениялык Урос Юришич өзүн агресивдүү алып жүргөндүктөн массалык мушташ уюштурган. Бул тууралуу Мусаевдин жакыны Абусупьян Магомедов чет элдик спорттук басылмаларга айтып берген.

"Урос Юришич башында аябай агрессивдүү болгон. Калыстын чечими жарыялангандан кийин, анын маанайы түшүп, ал өз тилинде бир нерселерди кыйкырып жатты. Андан кийин биздин бурчтагы адамды барып бетке чаап ийди, ошол жерден бардыгы башталды.

Ошондой эле ал Шамилдин дарегине да катуу сөздөрдү айтты. Андан кийин Шамил аны көтөрүп чапты", - деген Магомедов.

Буга чейин Польшада өткөн "KSW 58" турниринде эки мушкер массалык мушташ уюштургандыгы кабарланган. Өз кезегинде KSW уюмунун жетекчилиги бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан