Бишкекте Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык көркөм-сүрөт көргөзмөсү өтөт
Бишкектеги Улуттук көркөм-сүрөт академиясында 12-октябрь күнү Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык көркөм-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Анда республика боюнча бардык сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. "Чыңгыз Айтматов - дүйнөлүк адабиятка жана маданиятка баа жеткис салым кошкон заманыбыздын залкар жазуучусу. Анын чыгармалары сүрөтчүлөргө эргүү берип келет",- дешет уюштуруучулар. Иш-чара Улуттук илимдер академиясы, Улуттук көркөм-сүрөт академиясы жана "Кыргызпатент" тарабынан уюштурулууда.