Биз социалдык тармакта

Мугалимдердин айлык акысын депутаттардын маянасы менен бирдей кылуу сунушталды

Мүмкүн болсо мугалимдердин маянасын депутат менен министрлердин айлык акысына теңеп коюу керек. Бул окутуучулардын кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, коомдо мугалимдердин кадыр-баркы жана эмгек акысы жогору болмоюн, билим сапаты көтөрүлбөйт.

"Азыркы коомдо баары айлык-маянага барып такалат. Чынында агартуучулардын айлыгы абдан эле аз. Мисалы, мен депутат катары маянамды айтсам, биз 30 миң сом айлык алабыз. Мугалимдердин айлыгы жок дегенде ушул маянага теңелсе деген сунушту билдирип жатам. Анткени агартуучулардын эң алдыңкы маянасы 15 миң сомду түзөт", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alishdaman
2021-02-01 17:58:23
Биз 30 миң чом айлык алабыз.Ошондо биз сомдун ордуна чом иштетип калганбызбы
0
Rusi79
2021-02-01 18:03:18
5 мин алган медсестралар Адам эмеспи
+11
kyrgyzka7
2021-02-01 20:42:04
Rusi79, Беш минге да жетпейт,4300 алабыз!
+2
nazira...
2021-02-01 18:26:32
Наборот силердикин азайтыш керек
+6
Taalaibek.
2021-02-01 18:54:07
А башкалары эмне огойбу? Баардыгын бирдей кылгыла. Депутаттардын айлыгын 5000 (беш мин) сом кылгыла. Эгер депуттар патриот болсо, чын дили менен эмгек кылса, элдерди алдабаса жана озунун кесибин суйсо ошого макул болушат. Макул болбогону депутаттык мандатын тапшырып кете беришсин!
+7
Margo82
2021-02-01 19:24:50
Калыс сөздү сүйлөгүлө депутаты да башкасы да,тилчилер,башталгыч класстын мугалимдери 20000 дин тегерегинде айлык алышат,бир беткей жамандай бербегиле,предметниктердики аз чынында,ошолорду көтөргүлө,көбөйсө дагы эле тилчилердики кобоет,.
+4
Islam98
2021-02-01 20:55:38
Медиктерди не комускодо калтырасынарбы?Саламттыгынарга Кам коргон кесипкойлорду эч барктабайбыз!
+3
bekalife
2021-02-01 21:56:12
Шайлоого даярдык
+1
Mamytovv_n
2021-02-01 21:57:51
Депутаттардыкын 10 000 мин сомго тушуруп мугалим врачтардын айлыгын которуш керек
+3
Zynk.kg
2021-02-01 22:23:45
Бардыгыңардын айлыгыңарды көтөрө берсе бюджетти ким көтөрөт биринчи бюджетти көтөрүү керек.
+2
Kari
2021-02-02 01:04:21
Демек налогторду которот.Элге эле кыйын.Жерден тапканын озуну актабайт.Трактордун акысы,майы,айдатканын,маласы,жоок тартканы,жумшартканы,оргону,жыйганына анан сууга налог,жерге налог,соцфонд баары бириксе,экен эгининдин баарын сатып,устуго Россиядан келген акчаны кошуп берсен зорго эп чап болот.Же ал эгининди тузугуроок сатсанчы,мал турат.Ага жугору,жем,саман даярдаш керек.Билбей деле калдык.Кайран элге эле кыйын болду.
+1
Nuri1988Elim2010
2021-02-02 10:10:45
Силер не кылганынарга аласыңар ошончо акчаны, силердикин азайтуу керек. И так налог, соц фонд кымбат болуп жатат, айлык которсонор дагы эле баягы карапайым эл кыйналатда, эч жерде иштебей дыйканчылык кылгандар
0
Nursul
2021-02-02 15:02:24
Силердин 30мин айлык аларынар чындыкка дал келбейт силер өзү 4мин же 5мин айлык алганга татыктуусунар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан