Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаева пенсиясынын өлчөмү 200 доллар экенин айтты

Казакстандын Эл артисти, белгилүү ырчы Роза Рымбаева чет элдик басылмалардын бирине маек берип, пенсиясынын өлчөмүн, жашоо-шарты тууралуу учкай кеп курду. Ал "пенсиям эки жүз доллар деп гана айтам, кошумча төлөмдөр дагы бар" дегенин ачык маалымат булактар жазып чыгышты.

Коңшу өлкөнүн Эл артисти орусиялык кесиптештеринин материалдык байлыгы тууралуу кыялданса гана болорун айтат.

"Казакстандын эстрада артисттеринин кирешесин Орусиянын жана Европанын шоу-бизнес өкүлдөрүнүн алдыңкылары менен салыштырууга болбойт. Болбосо мен акча жасагандан көрө чыгармачылыкка, балдарды жана студенттерди тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлмөкмүн. Бирок эмне кылмак элем, көп иштеш керек. Акча күнүмдүк жашоого гана эмес, биринчи кезекте костюмдарга, музыканттарга, репетиция үчүн жайларды ижарага алууга керек", - деген Рымбаева.

Артист лимузин, яхта жана хан сарайы жок экендигин, мындан бир нече жыл мурун жол тандабас сатып алганын билдирген. Ошондой эле ал үй кызматчыларына муктаждыгы жок экенин кошумчалаган.

"Башкалардын үйүмдө кожоюндук кылуусун жактырбайм. Мен тамак жасайм, үй жыйнайм, керек болсо оңдоп коём. Менин колум микрофон кармагандан башка нерселерди да билет", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Arai92
2021-02-02 00:28:39
МОЛОДЕЦ
+14
Janyl98
2021-02-02 00:50:39
Бул эжекебиз эч бир картайбайт экен. Биздин кыргыздын аял затына да айтаар элем. Озунорду карап, чачынарды тарап, жаш корунуп журо бергиле. Казактын аялдары орустарга окшоп оздорун жакшы жакшы алып журушот. Адам сулуулука баш ийет.
-4
Tyty1990
2021-02-02 10:02:32
Janyl98,бок жепсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан