"Кубануу менен электрик болот элем". Польшанын экс-президенти кошумча каражат тапканга жумуш издеп жатканы айтылды

Польшанын экс-президенти, "Нобель" сыйлыгынын ээси Лех Валенса коронавирус пандемиясынын кесепетинен кошумча жумуш издеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лех Валенса коронавирус пандемиясына чейин ар кайсы университеттерде лекцияларды окуп келген. Ага бул үчүн каражат төлөнчү.

"Мен кубануу менен электрик болот элем. Ушул кезге чейин Омдун, Кирхгофтун закондору эсимде. Тилекке каршы, баары өзгөрдү. Учурдагы техникалар мени өлтүрүп койбойбу, муну дагы билбей турам", - деген Лех Валенса.

77 жаштагы саясатчы кошумча каражат таба турган булак таппай жатканын, ошондой эле байбичеси көп каражат саптарын билдирип өткөн.

"Экс-президент пенсияга чыккандан кийин айына 6 миң злотый (Польшанын валютасы) 1 миң 600 доллар алат. Лех Валенса 1983-жылы "Нобель" тынчтык сыйлыгын алган. Ал Польшаны 1990-1995-жылдары башкарган", - деп жазылат басылманын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
PATRIOT-BALA.KG
2021-02-01 23:58:33
Аялды алмаштырың ава, иш издебей.
+12
bond02
2021-02-02 00:01:44
Иш издебей аял изде, президент болуп турганда жаш катын алган окшойт элен.
+7
voennyi88
2021-02-02 00:14:05
Ушундайларды окуп уйлонгун келбейтда.
+5
Jelezo
2021-02-02 02:32:51
Каап жарыктык Кыргызтанда бир жыл налоговый же таможенный инспектор болуп иштегенде өмүр бою пенсиясы жок жашамак экен.
+9
Mubarak
2021-02-02 07:40:07
Мына биздечи
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан