Экс-президент Сооронбай Жээнбековго байланыштуу арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Маалыматты SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү арыз аталган мекемелерге кечээ, 1-февралда жөнөтүлгөн.
Буга чейин октябрь айындагы окуяларда жаракат алгандар митингге чыгып, Башкы прокуратурага Жээнбековго митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн жана экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазышкан.