Парламент комитети "Пирамида" медиахолдинг менен "5-каналдын" келечегин аныктоо тапшырмасын берди

Парламент комитети "Пирамида" медиахолдинг менен "5-каналдын" келечегин аныктоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында “Пирамида” медиахолдинги менен “5-канал” жабык акционердик коомуна 20 миллион сомдон 40 миллион сом бөлүп берүү тууралуу маселе каралды. Финансы министри Кыялбек Мукашев белгилегендей, эки каналда иштеген кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык акы жетпей калган. Андыктан декабрь айына кошумча акча суралып жатат.

Маалыматтык колдоо катарында ачылган эки каналга жылына 20 миллион сомдон өкмөттүк колдоо көрсөтүлүп келет жана алар социалдык пакетке киргизилген. Талкууда эл өкүлү Осмонбек Турдумамбетов эки каналды каржылоону токтотуу керек деген пикирин билдирди. “Элдин эң олуттуу мектеп, оорукана куруу сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей жатса, аларга 5-10 миллион сом бөлүнбөй курулушу токтоп турса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?” - деген суроо койду.

Эл өкүлдөрү телекомпаниялардын жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча тактоо жүргүздү. Маалым болгондой мамлекеттик телевидениелерден атайын эсеби жоюлган жана жарнамадан түшкөн акча бюджетке чегерилет. Тагыраак айтканда, телекомпаниялар тапкан акчасын өздөрү керегине жумшай албайт жана кирешесин көбөйтүүгө кызыктар болбой калышкан. Учурда атайын эсепти массалык медианын өздөрүнө кайтарып берүү маселеси каралууда.

Маданият, маалымат жана турзим министринин орун басары Ильязбек Балташев “5-каналдын” жалпы жонунан 82 млн 484 миң сом карызы бар экенин белгилеп, жетекчилеринин айлыктары тууралуу да маалымат берди. “5-каналдын” башкы директору 74 миң сом, башка жооптуу кызматкерлери да 61 миң, 49 миң сомдон айлык алып жатат. Бешинчи канал, “Пирамида” ОшТВ деген каналдар мамлекеттик мүлк фондуна карап, жетекчилерин да ошолор дайындай берет. Биз эч кандай сунуш бере албайбыз”,- деди Балташев.

Талкууда бир катар депутаттар кыйын учурда мамлекет өзүнө ашыкча жүк тартып жүрө бербеши керектигин белгилеп, талкууга түшкөн эки каналдын келечегин аныктоо сунушун беришти. Эл өкүлдөрү эки каналдын тең өнүгүү пландарын алып келүүсүн, муну менен маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге комиссия түзүү тууралуу ойлорун айтышты.

Депутат Улан Примов маселе 2011-жылдан бери чечилбей келе жатканынан улам сунуштарды токтомго бекитип кетүү керектигин белгилеп, каналдарды сатуу тууралуу маселени козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан