SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Атамды кечирейинби?..." деген тема талкууга алынган.
Автордон: Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым он сегизде. Мындан 18 жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап, уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген. Апамдын азыр үй-бүлөөсү бар. Өгөй атам экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. Кудайга шүгүр, бактылуу эле жашап жатышат. Атам апамдан кийин 3 жолу үйлөнүптүр, бирок уул эмес кыздуу да болбоптур. Атам азыр 4-аялы менен жашап жатат. Кече мага келиптир кечирим сурап. Сени окутам, эмне десең кылам мени менен жаша, апаңдын үй-бүлөөсү бар экен. Сен менин жалгыз кызымсың, убагында ката кылган экенмин эми өкүнүп жатам дейт. Бир убакта кызың мага керек эмес мага уул керек деп чанып кеткен атамды кечирейинби же кечирбейинби? Мага өз кеңешиңерди берип кетсеңиздер. Алдын-ала чоң рахмат.
Пикирлер: "Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт карындаш. Өз атаң болгондон кийин кечирип койгонуң туура. Атага зар болуп жүргөндөр толтура. Атакең дагы жакшы адам экен "кызым" деп кечирим сурап келип жатса алдыңа".
"Кудайдын жазасы. Кечириңиз, эмнеси болсо да кыз бала үчүн атанын ролу абдан чоң".
"Ата баарыбир ата... Ата баланын алдында болгон милдеттерин аткарбаса да, бала аткарууга тийиш. Чубак ажы менен жолугушууда да ушундай суроо берилди эле".
"Автордун соболуна баары кечир дешиптир, бирок кантип жашайт, кечиргени туура бирок чогуу жашоо мүмкүн эмес, айрыкча кандай адам экенин билбей туруп ушул заманда".
"Жараткан бизди, моюнубузда толгон күнөөлөрүбүзгө карабай кечирип жатканда, сен кечирбей койгудай ким болуп кетиптирсиң...Кечиримдүү бол! Пенде адашуучу".
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.