Быйыл “Электр станциялары" ишканасы былтыркыга караганда мазутту көп камдады. Муну 5-октябрда ишкана менен таанышып чыккан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге Ош жылуулук электр борборунун жетекчилиги билдирди. Учурда ЖЭБде 18,5 миң тонна мазут бар жана кышка толугу менен даяр. Мазут былтыркыга салыштырмалуу 2,5 тоннага көп экени айтылды.