Нарын шаарынын борбордук аянтында митинг башталды. Бул митингдин Караколдогуга тиешеси жок.
Нарын шаарынын борбордук аянтында нааразычылык митинги башталды. Учурда 150дөй адам бар, көпчүлүгү мугалимдер. Чогулгандардын талабы: бийик тоолуу аймак деп Нарын облусуна берилген 50 пайыздык жеңилдиктерди жоюуну токтотуу. Уюштуруучулардын айтымында, облус калкы буга чейин коммуналдык кызматтар үчүн 50 пайыздык жеңилдиктерди, айлык маяна үчүн кошумча төлөмдөрдү алып келишкен. Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бул жеңилдикти жоюу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштады. Митингчилер өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Топтолгондор "Кумтөрдүн" кирешесинин 1 пайызы Нарынга бөлүнүшү керектигин, бирок эч кандай жардам ала электигин да айтышууда. Аймактык кабарчыбыз Гүлжан Асанкожоеванын айтымында, митингдин уюштуруучусу - Нарын облусундагы жарандык активист Эркин Асаналиев.