Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.
Анда премьер-министрлик кызматына Улукбек Марипов өкмөттүн курамы менен тааныштырып жатат.
"Өкмөттүн курамына дагы аялдар киргизилди. Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева. Муну баса белгилегеним бул тармакты тарыхта биринчи жолу айым жетектейт. Ушул Абдралиева тармакты түпкүрүнөн билет", - деди ал.
Депутат Айсулуу Мамашова социалдык тармакка байланыштуу министрликтерди айымдар жетектеши керектигин айтты.