Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Улукбек Марипов жетектеген өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат.
Анда Марипов Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигине сунушталып жаткан Гүлмира Абдралиева тууралуу сөз кылды. "Биз кайсы принцип менен тандадык? Кечээ айтып кеткендей, таза иштөө, кесипкөйлүгү, тажрыйбасы. Гүлмира Абдралиеванын санариптештирүү, транспорт, курулуш боюнча тажрыйбасы бар. Бул жерде бир топ өзгөрүүлөр болот. Менеджер катары иштесе айымдар колдойт. Айымдар эркектерге караганда тазараак иштейт деген ой бар", - деди ал.