"Тамашоучу", актёр жана сценарист Бакыт Осмонканов бүгүн, 2-февралда 34 жашка чыкты. Туулган күнү адаттагыдай эле өтүп жатканын, үй-бүлөсү менен чогуу белгилей турганын айтат.
Бакыт Осмонканов 1987-жылы 2-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Актёрдун бала чагынан тартып таанымал болгонго чейин жана андан кийинки сүрөттөрүн топтодук.
Ал көпчүлүккө белгилүү "План Б", "Айыл Кэмп", "Ата" тасмаларына режиссёр болуп, "Бир тууганчик", "План Б" тасмаларында роль жараткан.
"Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккандан соң "Моника Беллуччи" командасын түзгөн.
Актёр 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдыз айымга баш кошкон. Түгөйлөр эки уул, бир кызды тарбиялап келишет.
2-февралдын жылнаамасы.