Бул жолку "Фотоальбом" рубрикабыздын каарманы легендарлуу "Кыз-бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылова болмокчу.
Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган.
Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон.
2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланта баштаган.
Жолдошу менен 2016-жылы ажырашып, учурда уулу менен кызын жалгыз тарбиялоодо. Ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Сыноону да Кудай көтөрө алган адамга берсе керек. Айрымдарга байлык-бийлик берип сынаса, кай бирлерди жакындарын алып коюп кыйнайт экен. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып сынады, Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай тагдыр бергенине. Элдин колдоосу, жакындарымдын жардамы менен андай кыйынчылыктан чыгып кеттим. Өкүнбөйм, тескерисинче, ушул тагдырыма ыраазымын. Анткени көзүм ачылып, мага ким дос, ким кас, жакындарымдын кимиси күйүп, кимиси күлөрүн билип алдым. Ак-караны ажыратып, жадакалса өмүрлүк жолдошумдун ким экенин иргеп алганымдын өзү чоң жетишкендик. Мындай кыйынчылыкка сынмак турсун, турмуштук сабак алдым десем болот. Башкача айтканда, мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы", - деген.