Бүгүн, 5-сентябрда кыргыз эстрада ырчысы Максат Садырбеков 28 жашка толду. Максат мырза 1992-жылы 5-сентябрда туулган. Мектепти бүткөн соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Атасы эркек балалуу болууну көптөн бери максат кылып жүргөн кезде төрөлгөндүктөн, атын Максат деп коюшкан.
Ырчынын туулган күнүнө карата анын сүрөттөрүн топтодук. Эмесе сүрөттөр сүйлөсүн.
2010-2012-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДА
МАКСАТ САДЫРБЕКОВ САХНАГА "NON-STOP" ДУЭТИ МЕНЕН ЧЫГЫП, ТОП 2017-ЖЫЛЫ ТАРАГАН
Ырчы мырза сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиева менен 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Алардын үйлөнүү тою 2019-жылы 6-июнда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.
2020-жылы март айында түгөйлөр Миа аттуу кыздуу болушту.