Биз социалдык тармакта

Статком: "Кыргыз өлкөсүндө жарандардын бир айлык эмгек акысы 5 миңден 11 миңге чейин"

2020-жылдын ноябрь айында эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча толугу менен иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин санын жылдык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчулардын эмгек акысынын өлчөмү боюнча дифференциясын мүнөздөгөн маалыматты алуу үчүн жылына бир жолу ири жана орто ишканалар, ошондой эле республиканын бардык экономикалык түрүндөгү менчик формаларындагы уюмдар иликтенет.

"2020-жылдын ноябрындагы иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6 пайызы эмгек акыны 5 миң 562 сомго чейинки көлөмдө алышкан.

Жумушчулардын көбү, тагыраагы, 142 миңден ашык адам же 30,5 пайызы 5 миң 563 сомдон 11 миң 124 сомго чейинки көлөмдө эмгек акы алышкан.

11 миң 125 сомдон 18 миң 540 сомго чейинки эмгек акыны 130 миң адам алган. Ал эми 135 миңге жакын адам 18 миң 541 сомдон 55 миң 620 сомго чейин эмгек акы алышкан.

Ошол эле убакта 10 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 2,1 пайызы 55 миң 621 сом жана андан жогору эмгек акы алышкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mirnar
2021-02-03 07:29:10
Ишке жаны кирген мугалимдер менен мед.айымдар 2900 сом айлык акы атышат.
+2
Taalaibek.
2021-02-03 08:00:48
Окшошкон жок! Эмне учун ылдыйкы бааны айтышпайт? Мен айына 2000 мин сом алып келгем. Эмне учун аны айтышпайт? Мунун баары калп!
+3
bond0202
2021-02-03 08:03:11
Супер инфо,не уктабай?
0
elisbek84
2021-02-03 08:35:27
Жалган баары. 2000 3000 ден айлык алгандар ото коп, мен деле 5000 айлык алам. Статистика эптеп эле жылды жыйынтыктамыш болуп коюпсунар.
0
janyll
2021-02-03 10:01:51
11000сом ото эле азго, кантип жашайсынар.
0
-taku1402
2021-02-03 15:52:14
мен жумушсузмун 4 айдан бери айлыгы жок жашап келатам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан