Мирлан Бакиров жаңы өкмөт башчыдан кыскартуулардан үнөмдөлчү сумманы сурады

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда депутат Мирлан Бакиров жаңы өкмөт башчыдан кыскартуулардан үнөмдөлчү сумма боюнча сурады.

"Сиз оор учурда өкмөт башчылыкка келип жатасыз. Структура боюнча бир топ кыскартуулар болгону айтылып жатат. Мында канча каражат үнөмдөлөт?", - деп суроо салды.

"Буюруса структуралар бекигенден кийин азыр 28 өкмөттүн астында органдар бар. Ошолордун алдында статс-катчы, 2-3төн орун басарлары бар. Баарыбир министрликке баш ийбейт, ошол эле мезгилде саясатын башка тарап жасайт. Ошондуктан булардын баарын жакында эсептеп чыгарабыз, структуралар да такталат. Ошол эле маалда орто деңгээлде иштеген кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт. Мунун ичине каржы, билим берүү жана башка мекемелердин кызматкерлери да бар", - деп жооп берди Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан