Бегалы Наргозуев: "Караколдогу митингге тиешем жок"

“Караколдогу митингге менин тиешем жок. Биздин кыймылдын Ысык-Көлдө мүчөлөрү жок”,- деп билдирди мурдагы депутат Бегалы Наргозуев 8-октябрда. Маалымат булактарында Наргозуевдин нааразылык акциясын уюштуруу үчүн Таласта жүргөнү, Караколдогу митингге да тиешеси бар экендиги айтылууда. Бул маалыматтар жалган экенин айтат Наргозуев: “Учурда Таластамын, Караколдогу митингге тиешем жок. Эл КТРКага ишенбей калгандан кийин бийлик орус тилдүү ММКларга Наргозуев менен Суваналиев күнөөлүү деп маалымат таратып жатат. Ошол эле булактардан Отунбаева, Бабанов, Бекназаров, Капатагаев күнөөлүү экендигин окуп күлкүм келди. Эмне айтарымды билбей калдым”.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан