Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткени тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, Жээнбеков "Манас" аэропортунан Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.
Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбеков умра сапарына кеткенин айтты.
"Сооронбай Жээнбеков Мекке шаарына кичи ажылыкка учуп кетти. Ал эртең менен жубайы менен Стамбулга учту, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына учушат.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бул сапарга Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу менен кетти. Сапар 2020-жылдын ноябрь айында пландаштырылган. Пандемияга байланыштуу зыяратчылардын санына чектөөлөр болгон жана милдеттүү түрдө чакыруу себеби менен эми кетти.
Чакыруу 2021-жылдын февраль айында келди. Кичи ажылык сапары 10 күндөн ашык убакытка созулат. Андан кийин Жээнбеков Бишкекке кайтып келет", - деди Стамалиева.