Кенжебек Бокоев Мариповго: "Өзүңөр 3 айга келип жатсаңар, анда орточо эмгек акыны качан жана канчага көтөрөсүңөр?"

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда депутат Кенжебек Бокоев жаңы өкмөт башчы Улукбек Мариповдон кыска убакыттын ичинде эмгек акыны кантип көтөрө турганы тууралуу сурады.

"Программада орточо эмгек акыны көтөрөбүз деп айтылыптыр. Азыркы өкмөт 3 айга келе жатат деп айтып атабыз. Өзүңөр 3 айга келип жатсаңар, анда орточо эмгек акыны качан көтөрөсүңөр жана канчага көтөрөсүңөр?", - деди Бокоев.

"Мен сиздерге келерде ушул кагазга текстти жазганда да ойлонуп жаздым. Анткени 2 айга программа жазылбайт экен. Ошон үчүн темасын "Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн негизги иш-аракеттериндеги багыттары" деп атап алдык. Ал эми сан боюнча айтсак, 2 айда айлыктарды көтөрүү чынында оор. Сиздер колдоп референдумду жыйынтыктап алсак, андан кийин кененирээк, стабилдүү, жыйынтык берүүчү программа кабыл алынат деген үмүтүм бар", - деп жооп узатты Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан