"Муниципалдык кызматкерлердин миң ваканциялык оруну бош турат" дейт депутат

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда депутат Кенжебек Бокоев жаңы өкмөт башчы Улукбек Мариповго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жандандыруу тууралуу суроо узатып, өз сунуштарын айтты.

"Азыр өлкөдө жумуш жок дегенибиз менен муниципалдык кызматкерлердин миң ваканциялык оруну бош турат. Себеби айлык акы аз, конкурстун кыйындыгы жана бул тармакка жаштар барбайт. Ушул маселени кантип чечесиз?"

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча сиз менен пикир алмашканбыз, абдан жакшы сунуштарыңыз бар. Эң биринчи алардын айлыгын көтөрүү керек, менимче алардын айлыгы 2007-жылы көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттө иштеген бухгалтерлер иштеп эле кетип калбастан, суицид болгон фактылар да жок эмес. Текшерүүчү орган көп, бирок айлык аз, муну биз терең ойлонуп, кординалдуу реформа керек", - деди Марипов.

"Президенттин указы бар, бирок Абылгазиевдин өкмөтү аткарабыз деп баарыбызды алдап кетти. Ким кайсы өкмөт болбосун муну аткарбаса болбойт, райондорду, айыл өкмөттөрдү ирилештиришибиз керек. Эффективдүү башкарууга өтүшүбүз керек", - деп кошумчалады Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан