Премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Улукбек Марипов Тилек Токтогазиевдин өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин SUPER.KG порталына билдирди.
"Тилек Токтогазиев дасыккан кадр. Аны эске алабыз. Ал боюнча оюм жаман эмес, анын тажрыйбасын сөзсүз колдонобуз. Өзү менен кеңешейин, ал менен жолуга элекмин", - деди ал.
Өкмөттүн жаңы курамында Тилек Токтогазиев жок.
- Премьер-министр — Улукбек Марипов;
- Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
- Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
- Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
- Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
- Юстиция министри — Асел Чынбаева;
- Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
- Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
- Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.