Караколдо 7-октябрдагы митингдин уюштуруучулары элди кайрадан митингге чыгууга үндөп жатышат. Муну бүгүн, 8-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Жети-Өгүздүн Саруу айылынын жашоочулары топтолушууда. Уюштуруучулар тургундарды бүгүн да Каракол шаарына барып митинг өткөрүүгө чакырып жатканы айтылды.