Дүйнөдө кайрадан коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

Дүйнөдө акыркы бир апта ичинде 96 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясынан каза болду. Маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 25-январдан 31-январга чейин COVID-19дун айынан дүйнөдө 96 миң 364 адам каза болгон. Каза болгондордун дээрлик жарымы Түндүк жана Түштүк Америкада (47277) каза болгон. Ал эми, Европада 36 миң 674 бейтап коронаирустан көз жумган. Ушул эле мезгилде инфекцияны 3 миллион 686 миң 110 адам жуктурган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустан дүйнөдө 3-апта катары менен өлүмдүн рекорддук санын каттады. Мурунку жумада 95 миң 991 адам каза болуп рекорд койсо, аркы аптада 93 миң 882 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан