Бүгүн, 24-мартта эртең менен Москва-Бишкек каттамы аркылуу келген жарандар мурдагы "Фрунзе" заводу, азыркы жаңы мейманканага жайгаштырылды.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мейманкана жеке ишкерге таандык.
"Жүргүнчүлөр жайгаштырылган мейманканада карантин үчүн бардык шарттар бар. Ошондой эле мейманкананын бир эле кабатындагы бөлмөлөрүнө 100 адам батат. Бир кабатта 10 даараткана жана 10 жуунуучу бөлмөсү бар. Мындан тышкары мейманканада видеокамера, сигнализация иштейт", - дешти мэриянын маалымат кызматынан.