Кечээ, 2-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Улукбек Марипов сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү каралды. Марипов сунуштаган тизмеде Эльвира Сурабалдиеванын аты аталган жок.
Ал эми өкмөт башчылыкка Мариповдун өзүнүн талапкерлиги 1-февралда көпчүлүк коалиция тарабынан каралып, жактырылган.
"Документтерди тапшырып, кечээтен бери иш кагаздардын аягына чыгып жатамын. 4-февраль иштегениме 100 күн болот экен, отчетту бул жерге сөзсүз чыгарамын. Жүрөгүм тынч, бир кыйла жеңилдегендей сезимде кетип жатамын, - коронавирус боюнча кырдаалга жоопкерчиликти көтөрүү оор болуп жатты. Ковид-19 менен күрөшүү, республикалык штабдын жетекчилигин бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине тапшырып беремин.
Мени колдоп, жардам берип жаткандарга да, ишимди сындап, катуу талаптарды койгон ар бириңиздерге чын дилимден ыраазычылык билдиремин - чоң кызматтын жоопкерчилиги да оор болот. Оор кырдаалда вице-премьер-министрликке дайындалып келгенмин. Ал кезде убактылуу мөөнөттөгү экендиги алдын-ала сүйлөшүлгөн эле. Эч нерсеге кейибеймин", - деп жазды Сурабалдиева.