Бегалы Наргозуев "бийлик чагымчылдык кылбаса, Таластагы митинг тынч өтөт" дейт

"Өмүрбек Суваналиев Таласта баш аламандык уюштуруу үчүн күч топтоп жатат" деген маалымат боюнча мурдагы депутат Бегалы Наргозуев 8-октябрда пикирин айтты. “Бийлик чагымчылдык кылбаса, Таластагы митинг тынч өтөт”,- дейт ал. “Митингге 10 миңдей адам катышат. Ал жерде бийликти басып алабыз деген чакырыктар болбойт. Мен жакын арада Бишкекке аттанам. Бүгүнкү күндөгү саясий жана экономикалык кризиске күнөөлүү КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядан чыгышын талап кылабыз. Жергиликтүү калктын суранычы боюнча "Жер-Үй" алтын кенине мораторий жарыялоо, Көк-Сай чек ара маселесин чечүү талаптары коюлат”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан