Жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, азыркы тапта долбоор лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат.
"Долбоор талдоодон өтөрү менен дароо сайтка жайгаштырылат", - деди Куралбекова.
Андан ары эл өкүлдөрү Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө долбоорду жактырышы керек.