"Мамлекетибиздин туруктуулугун сактап калууга аракет кылдык". Талант Мамытов Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Талант Мамытов кайрылуу жасады.

"Кыргыз эли анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн тарыхын чечип, мамлекетибиздин туруктуулугун сактап калууга аракет кылдык. Кыргыз эли Садыр Жапаровго ишеним көрсөтүп, президент кылып шайлады. Элибиз президенттик башкарууну тандашты. Кыргыз эли эркиндикти туу тутат. Жогорку Кеңеш шайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү иш аткара алдык, убагы келгенде тарых баа берет. Октябрь окуясында жалгыз Жогорку Кеңеш легитимдүү бийлик катары жоопкерчиликти моюнуна алды. Бардык жерде мыйзамдарды орното алган чараларды көрдү. Мага чоң ишеним көрсөтүп Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайладыңыздар. Президенттин милдетин аткаруу жоопкерчилигин алдым. Шайлоону таза, ачык өткөрүүгө бардык аракетимди көрдүм. Бардык жүктү көтөрө алдык. Эл аралык мамилелер боюнча эки тараптуу келишимдердин аткарылышын камсыз кылдык. Жаңы шайланган президентке ийгиликтерди, элибизге ак жолтой президент болушун каалайм. Элибизде зарыл болгон мыйзамдарды өз убагында аткарууга жетиштик", - деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан