Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы боюнча премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.
"Министрлик, мекемелердин саны кыскарып жатат. Анткени башкаруу системин оптимизациялоону кечиктиргенге убакыт жол бербейт. 4 вице-премьер-министрдин ордуна бирөө гана. Өкмөт мүчөлөрүнун саны кыскартылды. Бул жөн эле формалдуу кыскартуу эмес. Мамлекеттик каржы системи реформага муктаж. Өзүңүздөр көрүп тургандай пандемиянын кесепети экономикага терс таасирин тийгизди. Өлкөдөгү энергетикалык тармакта кризистик сектор байкалууда. Бул маселени чечүү үчүн Энергетика министрлигин түзүп жатабыз. Андан тышкары президенттин сунушу менен Коргоо министрлиги кайра түзүлдү. Бул мамлекеттик коргоо саясатын камсыз кылат. Башкы штаб министрликтин алдында ишин аткарат. Оптимизациялоо өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтөт", - деди ал.