2-февралда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан "Коомдун тынчтыкта жана инклюзивдүү өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоорунун алкагында маалымат каражат өкүлдөрүнө арналган иш-чара өттү. Иш-чарага 30га чукул журналист катышты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты маалымат каражат өкүлдөрүнүн аялдар миграциясы жаатындагы кырдаалга, мигрант аялдардын коомду өнүктүрүүдөгү жана тынчтыкты куруудагы позитивдүү ролу жөнүндөгү маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Фонддун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева иш-чара учурунда өлкөгө салым кошкон аялдардын эмгегинин көмүскөдө калып кетип жатканы тууралуу айтты. Айтымында, кор болгон, кордолгон коомдо - эне баласына сүйүү жана мээрим бере албайт. Ошондуктан аялдын эмгеги коомдо бааланышы керек. Мындан улам ал чет жактан жакшы билимге ээ болуп келип, өзү жашаган айылдын өнүгүүсүнө чакан иш баштап, салым кошкон аялдардын саны көп экенин баса белгиледи.
Ошондой эле иш-чарада "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду сунуш кылган долбоордо Кыргыз өлкөсүндөгү алты айыл сыналуучу аймак катары тандалып алынганы тууралуу маалымат айтылды. Ага - Ош облусунун Төөлөс, Бей айылдары, Баткендин Ак-Турпак, Орозбек айылдары, Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айыл аймагы жана Талас облусунун Кара-Буура айылы кирген.
Бул айылдарда миграциянын агымы өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жогору деп табылган. Алардын ичинде балдарын туугандарына таштап, көр-тириликтин айынан миграцияга сиңип кеткен аялдардын саны арбын.
Иш чара “Коомдун тынчтыкта жана жаратмандыкта өнүгүүсү үчүн миграцияга кабылган аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Долбоор БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан БУУнун Миграция боюнча Агенттиги, Миграция боюнча Эл аралык уюму, БУУ-Аялдар жана Эл аралык Эмгек уюму, Жамааттарды өнүктүрүү боюнча Альянсы жана Тренерлер жана консультанттар Бирикмеси менен биргеликте жүзөгө ашырылып жатат.
Журналисттер менен жолугушуу бейформал тартипте өттү. Аларга жооптуу адистер аталган долбоор алкагындагы ишмердиктери тууралуу кенен-кесир айтып беришти.
Белгилей кетсек, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм. Ал өлкөнүн социалдык, саясий, экономикалык өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилеге салым кошууга, кудуреттүү программаларды жана долбоорлорду демилгелөө жана ишке ашыруу максатында 2012-жылдын январында түзүлгөн.