Улукбек Марипов: "Туризм департамент боюнча калат, бирок Маданият министрлигинин курамында болбойт"

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы боюнча премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Анда депутат Абдыбек Дүйшөлиев туризм тармагы кайсы министрликтин курамына киргизиле турганын сурады.

"Жаңы курамды карап чыктым. Туризм тармагы кайсы министрликке карап калды?" - деп сурады депутат.

Улубек Марипов: "Департаментте иштеген жигит жолуктум. Туризм департамент боюнча калат, бирок Маданият министрлигинде эмес. Финансы министрлигине киргизүү каралууда", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан