Депутат Айнуру Алтыбаева аялдар, балдар, үй-бүлө боюнча атайын мамлекеттик орган болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Учурда жыйында өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат. Бул боюнча баяндаманы премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов жасап жатат.
"Социалдык тармак өзгөчө. Балдар, карыялар, аялдар үй-бүлө институту боюнча маселе маанилүү. Бул боюнча атайын мамлекеттик орган керек. Ошону менен катар эле административдик реформа болуу зарыл", - деди Алтыбаева.
Улукбек Марипов бул маселе карала турганын белгиледи.