Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповго депутат Жанар Акаев кайрылып, мурдагы премьер-министрлердин жолун кайталабай тургандыгына үмүттөнөрүн айтты.
"Грузия 2003-жылы бизге окшоп экономикасы кыйрап, бийлик менен криминал коюн-колтук алышып калганда революция болгон. Бизде да октябрда толкундоолор болуп Үмүт деген жигит каза болду. Сиз ошол окуялардан кийин келатасыз. Азыр интернеттен окудум, 10 премьер-министрге кылмыш иши козголуптур. 5 премьер-министр түрмөдө отурат. Сиз ошолордун жолун кайталабаган күчтүү, реформатор өкмөт башчы болосуз деген үмүттөбүз. Чынын айтканда, коомчулук азыркы өкмөттүн курамын бир кылка кабыл алган жок. Нааразычылыктар элде көп. Күн сайын Ак үйдүн кире беришинде 5-6дан адам бизди тосуп алып, азыркы өкмөттүн курамына ичи чыкпай жатканын айтып жатышат", - деди Акаев.
Марипов ар бир адам өзүнүн ниетине жараша иш-аракетин жыйынтыктай турганын билдирди.
"Абдан көйгөйлүү маселелерди көтөрдүңуз. Ар бир адам өзүнүн ниетине жараша иш-аракетин жыйынтыктайт. Грузия боюнча менин дагы пикирлерим бар. Грузияга биздин делегация бара берип аларды да тажатыптыр. Башында прмьер-министр тосуп алса, кийин вице-премьер биздин делегацияны тосуп алыптыр. Бара-бара жөнөкөй эле адис тосуп ала турган болуп калыптыр. Ошондуктан кайра-кайра бара берип аларды тажатпай, жок дегенде алардан үйрөнүп келгенибиздин 1-2 пунктун биз ишке ашырабыз. Мисалы, жакында чек арадан кирген импорт, чыккан экспортторду тез арада ишке аша турган токтом кабыл алабыз. Мен анын үстүнөн иштеп жатам. Бул биздин бизнес чөйрөгө чоң салым кошот", - деди Марипов.