"Өкмөттүн жаңы курагында маселе жок, курамында маселе бар". Депутат Момбеков энергетика министрине сунушталып жаткан талапкер тууралуу пикирин айтты

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Рыскелди Момбеков энергетика министрине сунушталып жаткан талапкер тууралуу пикирин айтты. "Сиз жогоруда жоопкерчиликти моюнума алып жатам деп айттыңыз. Жоопкерчиликти жогорку киши алсын, сиз тобокелчиликти алыңыз. Сиздин өкмөтүңүздүн курагында маселе жок, курамында маселе бар. Айтыңызчы, энергетика министрин сизге ким сунуштады?" - деп сурады депутат.

Улукбек Марипов: "Энергетика министри президентибиздин кеңешчиси. Мен өзүм дагы аны жакшы билем. Кеңешип чечиштик", - деди.

Момбеков: "Бул киши Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кеңешчи болгон. Энергетика министрлигин жоюп жиберип, холдингди алып келген. "Улуттук энергетикалык холдингдин" эртеңки маселеси кандай болот?" - деп сурады.

Марипов: "Холдинг боюнча бир эки мыйзамды өзгөртүш керек экен. 9 энергетикалык компания боюнча кардиналдык өзгөрүү болот. Азыр алдын-ала оптимизациялоону эсептегенде 2 миллиард сом ал жерде ашыкча каражат чыгып жатат", - деди.

Энергетика жана өнөр жай министри кызматына Кубанычбек Турдубаев сунушталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан