Тазабек Икрамов: "Энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталып жаткан адам мурда соттолгонбу?"

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповго депутат Тазабек Икрамов кайрылып, Энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталып жаткан Кубанычбек Турдубаев мурда соттолгонбу деген суроо узатты.

"Улукбек Асамидинович, сиз эсептөө палатасында иштедиңиз. Кайсы жерде коррупция, кайсы жерде жетишпегендиктер бар экенин билесиз. Энергетика тармагында 137 миллирд карыз бар деп жатасыз. Элдин эсебинен акча жеп жаткан бажы жана салык кызматтарынан кийинки эле коррупциялашкан тармак энергетика тармагы да. Энергетика тармагына азыр сиздер сунуштап жаткан адам буга чейин коррупцияга байланыштуу соттолгонбу же соттолгон эмеспи?", - деди Икрамов.

Эл өкүлүнүн суроосуна Кубанычбек Турдубаев өзү жооп берди.

"Бул маселеге чекит коюш үчүн так жооп берип коёюн. Туура 15 жыл мурун биз иштеп турган "Чыгыш электр" ишканасында кээ бир жетекчилердин айынан баш аягы 38 кызматкер жоопко тартылган. Бизди 6 ай ары-бери сүйрөшүп, аягында соттун өкүмү менен жазадан бошотушту. Себеби эч кандай коррупциялык фактылар, мамлекеткетик бюджетке келтирилген зыян аныкталган эмес. Ошондуктан биз соттолгон адам болуп эсептелбейбиз", - деди Турдубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан