Депутат Примов Финансы полициясынын тагдыры тууралуу сурады

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Улан Примов Финансы полициясынын тагдыры тууралуу сурады.

"Өкмөттүн курамынын санын кыскартып, кайталанган органдарды кыскартып жатасыздар. Анын баары туура. Мамлекеттик органдарга элдин ишеничи аз. Ал ишенимди кайтарыш үчүн убакыт керек. Ал убакыт сиздерде аз. Ишенимди кайтаруу боюнча ыкчам иш алып барышыңыз керек. Мен ага тилектешмин. Финансы полициянын келечегин кандай ойлойсуз?" - деп сурады депутат.

Улукбек Марипов: "Бүгүнкү күндө коомчулукта реформаны кандай талкууласа, Финансы полицияны дагы ошентип талкуулап жатышат. Текшерүүчү органдар Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрөбүз десек таразалайлы. Бул жерде мамлекеттин тагдыры жогору турат. Ар бир жетекчи каалоолорун өзүнчө отуруп сүйлөшүш керек. Финансы полиция ИИМге барбайт. Карап чыгабыз", - деди.

Примов: "Туура Финансы полициясы ИИМге кайтарылбаш керек. Финансы полиция Салык кызматынын алдында иш алып барышы шарт", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан